Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТӨЛӨӨ ЖӨНДӨМСҮЗДҮГҮ – адам төлөө мөөнөтү келгенде аны аткарбаган, андан баш тарткан же кредиторлордун карыздарды төлөө жана башка милдеттенмелерин аткаруу боюнча мыйзамдуу талаптарын аткарууга жарамсыз болгон, адамдын милдеттенмелери активинен ашып кеткен, болбосо анын капиталынын көрсөткүчү талап кылынган деңгээлден төмөн болгон абалы.